ТүркПАнын башкы катчысы Рамил Хасан кызматына киришти
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Рамил Хасан кызматына киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Буга чейин катчылыкты жетектеп келген Мехмет Сүрейя кызматын расмий тапшырып, атайын салтанатта соңку төрт жылда жасалган иштер тууралуу учкай маалымат берди.
Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы 2008-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.
Ассамблеяга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен тышкары боордош Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми бирикменин ишин катчылык жүргүзүп, аны төрт өлкөнүн өкүлдөрү кезектешип жетектейт.
Ага ылайык, Рамил Хасан 2025-жылдын 12-июнунда Казакстандын Астана шаарында өткөн ТҮРКПАнын Он төртүнчү пленардык отурумунда Башкы катчы болуп шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/trkpanyn-bashky-katchysy-ramil-hasan-kyzmatyna-kirishti

Добавить комментарий ×