Арыктоо акыл-эске коркунучтуубу?

27 января 2023 09:10 846 Barometr
Поделиться в:
ok

Бостон университетиндеги медицина мектебинин окумуштуулары арыктоо адамдын акыл-эсине терс таасирин тийгизерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Окумуштуулар аныктагандай, 50-60 жаштагы адамдардын дене салмагынын индекси төмөндөгөн кезде, алардын деменцияга чалдыгып калуу коркунучу жогору болот. 

Адистер акыл-эстин кем болушуну алып келген жаңы факторлорду аныктоо үчүн Фремингем изилдөөсү боюнча талдоо жүргүзүшкөн. 

Алар адамдардын демографиялык даректерин изилдешкен, ошону менен катар изилдөөгө катышкан 1979-1983-жылкы адамдардын арасында кимдерге деменцияга чалдыгуу диагнозу коюлганына да көңүл бурулган. Ушуга чейин  жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө адистер акыл-эси кемтик болуга алып келген негизги фактор адамдын жашына байланыштуу деген жыйынтыкка келишкен. 

Бирок, изилдөө жумуштарына ылайык 50-60 жаш чамасындагы арык адамдардын толук денелүу катарлаштарына караганда деменцияга көбүрөөк чалдыгару аныкталган. 

Деменция деген – жогору  психикалык функциялардын өнүгүшүнөн улам акыл-эстин кемтиги.    

Ссылка: https://barometr.kg/content14270



Добавить комментарий