Арыктоонун жѳнѳкѳй жолдору

22 декабря 2021 11:56 3013 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгер сиз дайыма эле, ѳтѳ тоюп алып семирип арыктай албай жатсаңыз бул кеңештер сизге жардам берет. Баарынан мурда түшүнүү керек болгон нерсе тамакты сиз ден-соолугуңузду чыңдоо үчүн жана организмге керек нерсени камсыздоо максатында жеп жатканыңызды ар дайым эстеп турушуңуз керек. Эгерде ушундай максат менен тамактансаңыз тамактануудан ырахат аласыз. Эң биринчи ойду башкарыңыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Столду дароо жыйнабаңыз

Качан сиз татууларды шоколад, жаңгак, тооктун канатын KFC (ѳтѳ даамдуу жана абдан зыян) тамактарды жегениңизде дароо жыйнабай калдыктарды столдун үстүнѳ калтырып коюңуз. Калдыктар, сѳѳктѳр, татуулардын сырты бул нерселердин баардыгы сиздин канча жегениңизди далидеп турат.

Арык адамдар менен түштѳнүңүз

Изилдѳѳлѳр кѳрсѳткѳндѳй, адатта биз окшош кызыкчылыктагы адамдар менен эле эмес дене түзүлүшү окшош адамдар менен мамилдеде болгонду каалайбыз. Ар дайым ашыкча тамак жеген адамдардын жанында сиз да дайыма ачыкча тойгонго кѳнүп аласыз. Арык аз тамак жеген адамдар менен түшкү тамакка барыңыз. Алар менен сиз денен салмакты туура сактаганды үйрѳнѳсүз.

Бѳлмѳнү жарык кылыңыз

Караңгыраак бѳлмѳ романтикалык тамактанууга ылайыктуу. Бирок далилденгендей күңүрт бѳлмѳдѳ кѳбүрѳѳк тамак жейбиз, жарык бѳлмѳгѳ караганда.

Диеталык суусундуктарды ичпеңиз

Татуусу жок Кола атайын дене мүчѳсүн сактаган адамдар үчүн деп айтылганы менен жасалма татуулар кошулгандыктан толуп кетүүгѳ алып келет. Мындай тыянакты 2016 жылы илимпоздор  чыгарышкан.

Колуңуздун билегине ванилин сүйкѳп коюңуз

Далилденгендей кээ бир жыттар ашырып тамак жегендин алдын алат. Адистердин айтымында мындай ыкма ванилиндин жыын жаман кѳргѳндѳр үчүн абдыан жардам берет.

Ашкананы таза кармаңыз

Тамак сакталган кутучалардын оозу ачык болсо, толук желбей калган тамак ашы бар идиштердин стол үстүндѳ турганы сизге азгырык. Таштандыларды тез тазалаган чыгарган жакшы себеби бул нерсе дагы сизди кайра кайра тамактанууга чакырык салат. Сиз болсо туура тамактануу менен ден-соолукту чыңдоону каалайсыз.

Калың материалдан терезе жапкычтарды алыңыз

Бул дагы абдан маанилүү. Эгер ссиз тынч жакшы уктагыңыз келсе караңгы болмодо уктаңыз. Мурдатан бери маалым болгондой, уйку камбоо менен ашыкча тамактанууга алып келет. Адатта жакшы уктабаган адамдын ѳзүн башкаруусу басаңдап калат.

Чакан идиштерди алыңыз

Ашканаңыздардагы чоң таралкаларды кичине таралкега алмаштырыңыз. Себеби кичине тарелкадан тамак жесеңиз ашыкча тамак жеген коркунуч болобойт.

Тамакты таякчалар менен жеңиз же вилканы сол колго кармап жеңиз

Биз канчалык шашпай чайнап тамак жесек, курсагыбыз тоюп ашыкча жебейбиз. Болбосо вилканы жакшы кармай албаган колуңуз менен кармап жеңиз.

Жакшылап карап пландаңыз

Адатта кечки тамакка сизди конокко чакырганда столдо жайнаган нерседен кѳзүңүз качып калат. Вилканы колго алаардан мурда пландаңыз ,сиз эмнени жейсиз ошол оюңузга бекем туруңуз. Эгер пландасаңыз ѳзүңүздү конторлдой аласыз. Негизи тамак толгон столду кѳргѳндѳ аны. Муну жеп кѳрѳйүн деп жатып ашказанды ашыкча толтуруп алабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/aryktoonun-zhnkj-zholdoru



Добавить комментарий