Курсактагы майды кетирүүнүн сыры эмнеде?

3 февраля 2022 12:10 9408 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички организмге майдын жыйналуусунун кесепетинен, адамдын курсагы чыгып, чоңоюуп кетет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Окумуштуулар бир катар изилдөө жүргүзүшүп, курсактын чыгып калуусунун себебин жана аны кетирүүнүн сырын ыкмасын табышты. 

Эч кандай диетасыз арыктоонун сыры

Ошону менен 10 грамм эриген клетчатка (була) жесе беш жыл ичинде ички органдагы майды 3,7 пайызга азайтат. Эриген була сулуу, арпа, жаңгак, дандар, буурчак тукумундагылар, кээ бир жер-жемиштер менен мөмө-жемиштерде кездешет. Бүтүн дан өсүмдүктөрдүн аркасында адам тез тоюп, ашыкча салмак жебей калат. Тактап айтканда, табитин тыюуга мүмкүндүк берет.

Байытылбаган майды пайдалануу (зайтун майы, авокадо жана жаңгактын кээ бир түрүндө кездешет) курсактагы майды азайтууга пайдасын тийгизет. Сары май, эт менен тоок этинде кездешкен майды жебегенге аракет кылыңыз.

Мындан сырткары изилдөөчүлөр жеген тамактын өлчөмүн азайтууга кеңеш беришет. Мурунку изилдөө натыйжалары боюнча карындагы майды кетирүүгө төмөнкү калориялуу диета жакшы жардам берет. Бирок ички организмдеги майдан арылуу үчүн физикалык машыгууларга да көңүл бөлүү керек.


Ссылка: https://barometr.kg/kursaktagy-majdy-ketirnn-syry-emnede



Добавить комментарий

  • Саламатсыздарбы мага окшоп ашыкча салмактуулуктан арылалбай жургондорго ушинтип кенешиниздерди бергентниздерге сиздер менен байланышсам болобу Вацап номерим 0705483028