Ашыкча салмактан тажасаңыз бул диетаны сөзсүз колдонуңуз!

8 февраля 2022 11:35 4009 6 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаз, жай келгенде ашыкча салмак менен күрөшүү маселеси жаралат. Анткени, кышында калың кийимдердин ичинде жашынып жүргөн “майлар” жаз, жайда адамдардын, өзгөчө айымдардын кыжырына тийип баштайт. Ошондуктан дайыма чырайлуу болгусу келген айымдар мүчө келбетине кам көрүүдө ар кандай диетанын түрлөрүн кармашат. Анын сыңары урматтуу айымдар, сиздерге эң пайдалуу диетаны сунуштоону туура көрдүк. 

Аты айтып тургандай белок - бул адамдын жалпы ден соолугуна кам көрүүчү азык. Андыктан анын диетасын кармоо менен сиз ашыкча салмактан эле арылбастан, чырайыңызга да чыгып, жүзүңүз жакшырып калаарын эске алыңыз.

Белок диетасы

1-күн

Эртең мененки тамак –кофе. Түшкү тамак – жумуртка (бышырылган же куурулган же сүт азыктарга кошулуп жасалган куймак ж.б), кайнатылган капустадан жана өсүмдүк майы кошулуп жасалган салат, бир стакан помидор ширеси.

Кечки тамак – куурулган же сууга кайнатылып бышырылган балыктын этинен жасалган тамак, өлчөмүнө чек коюп кереги жок.

2-күн

Эртең мененки тамак –кара кофе катырылган нан менен.

Түшкү тамак – куурулган же кайнатылган балык, жаңы жана чийки жер жемиштерге өсүмдүк майы кошулуп жасалган салаттар менен.

Кечки тамак – 200 грамм кайнатылган уйдун эти, бир стакан айран (албетте шекери жок).

3-күн

Эртең мененки тамак –кара кофе катырылган нан менен.

Түшкү тамак – өсүмдүк майында бышкан дымдама, алма же помидор ширеси, анан алмалар.

Кечки тамак – 2 жумуртка, 200 грамм кайнатылган уйдун эти жана жаңы капустага өсүмдүк майы кошулуп жасалган салат. Тамактан кийин табитиңизге карап чай же каалаган мөмөңүздөн жасалган шире ичиңиз.

4-күн

Эртең мененки тамак –кара кофе.

Түшкү тамак – чийки жумуртка, 3 чоң кайнатылган сабизге өсүмдүк майы кошулуп даярдалган салат, 15 грамм катуу сыр.

Кечки тамак – мөмөлөр.

5-күн

Эртең мененки тамак –чийки сабиз лимондун ширеси менен.

Түшкү тамак – куурулган жана кайнатылган чоң балык, бир стакан помидор ширеси. Кечки тамак - мөмөлөр.

6-күн

Эртең мененки тамак –кара кофе. Түшкү тамак –кайнатылып бышырылган тооктун жарым эти, сабизден же капустадан жасалган жаңы чийки салат.

Кечки тамак - 2 жумуртка, бир табак кыргычтан өткөрүлгөн сабиздин өсүмдүк майы менен жасалган салаты.

7-күн

Эртең мененки тамак –чай.

Түшкү тамак – 200 грамм кайнатылган уйдун эти, мөмөлөр жана мөмөлөр ширеси.

Кечки тамак - мурунку 3-күндөн кийинки колдонуп жүргөн каалаган тамагыңыз.

Эми ушул диетаны туура жана так колдонуп, ар бир айда кайталап турсаңыздар болот.

Ссылка: https://barometr.kg/semizdikten-tazhasayz-bul-dietany-szsz-koldonuuz



Добавить комментарий