КТРКнын байкоочу Кеңешине талапкерлерге парламентте добуш беришти. Келбегендерге берилбей калды

30 января 2019 14:22 1167 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30 январда парламенттин жыйынында депутаттар КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөлүгүнө коюлган талапкерлерге добуш беришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында регламент бузулганы туралы маалым болду. Тактап айтканда жыйынга катышпаган депутаттардын добуштары эске алынган эмес.

Регламент боюнча жыйынга катышпаган депутаттар өз добушун фракциянын лидерине же башка депутаттарга ишеним кагаз аркылуу  калтырууга акылуу. 

Буга депутаттар төрайым Аида Касымалиеваны шашып койду деп зекип жиберишти. 

Ортодон депутат Садык-Шер-Нияз: "Айда-жылда бир чыгып сүйлөйм, жанатан бери кол көтөрүп жатсам мени көрбөйсүз, келбей койду деп добуш бербей коюу адам укуктарын тебелеген болот, кайра шайлайлы"-деди. 

Регламент боюнча бир депутат бир эле талапкерге добуш бериш керек. Ал эми добуш берүүдө бир депутат эки адамга  берилип калды деди депутат Кенжебек Бокоев. 

Катачылык ар бир адамда кетет, бардыгы эле спикер болуп төрөлүп калган жок, Касымалиеванын иштегенине бир ай боло элек. Талашпай, кайра добуш берели деп келбегендерге кайра добуш берүү сунушу айтылды.

 Ошондой эле, талапкерлерди кайрадан шайлай турган болушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-bajkoochu-keeshine-talapkerlerge-parlamentte-dobush-berishti-kelbegenderge-berilbej-kaldy



Добавить комментарий