Чек ара кызматы кыргызстандыкты кармап кеткен окуя тууралуу маалымат берди

27 сентября 2021 12:23 2633 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын тургуну Уразбек Мирзоевди 26-сентябрда кармап кетишкен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, кыргызстандык маршруттук таксиде жубайы экөө Худжанд-Канибадам унаа жолунда Тажикстандын Жигдалик айылына бара жатканда кармалган.

“Уразбек Мирзоевдин кармалганын анын аялы чек арачыларга маалымдаган. Бүгүн Баткен областынын жана Согду областынын чек ара өкүлдөрү бул багытта сүйлөшөт. Кыргызстандын жаранын кармап кетүүнүн укуктук жактары жана аны кыргыз тарапка өткөрүү маселеси каралат”,-деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyzmaty-kyrgyzstandykty-karmap-ketken-okuya-tuuraluu-maalymat-berdi



Добавить комментарий