Бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация облус борборлорунда өтөт

20 мая 2020 15:17 1096 Barometr
Поделиться в:
ok

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы областтык борборлордо (Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) ѳткѳрүлѳт, имараттар дезинфекцияланат, социалдык дистанция сакталат  жана  ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, сынактар 12-июндан 19-июнга чейин реалдуу режимде өтөт жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практиктер, эксперттер  менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарган.

“Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан көз эксперттер да дароо таанышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр”, — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/btrchlr-chn-mamlekettik-zhyjyntyktoochu-attestaciya-oblus-borborlorunda-tt



Добавить комментарий