Тиллаев: Боз-Бөлтөк тоосундагы флагштокко желек илгенге Улуттук банктын акчасы жокпу

5 марта 2020 11:02 1010 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Бишкек шаарынын четиндеги Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна коюлган флагшток желексиз турганын айтып, эмне үчүн ага желекти илбей жатат деп жарандар кайрылып жатканын парламенттин жалпы жыйынын билдирди.

“Ошол жерде туу көптөн бери жок турат. Жарандар “Эмнеге илбей жатасыңар?” деп кайрылып жатышат. Менин билишимче ал Улуттук банкка караштуу, же улуттук банктын акчасы жокпу? Же кайсы министрликке тиешелүү болсо желек эмне үчүн коюлбай жатканын түшүндүрүп, же илип коюуну суранам”, — деди ал.

Эске салсак, Орто-Сай айылындагы аталган флагшток 2012-жылы 31-августта коюлган. Анын бийиктиги 75 метр болуп, желектин көлөмү 337 чарчы метрди түзүп, салмагы 50 килограммды түзөт. Аны орнотууга болжол менен демөөрчүлөрдүн 7-8 миллион сому коротулган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-chetindegi-orto-saj-ajylyna-koyulgan-flagshtok-kptn-beri-zheleksiz-turat



Добавить комментарий