Видео. Депутат Тиллаев Өкмөт башчы Абылгазиевди 2020-жылдагы Парламенттик шайлоодо жеңишке жетесиз деп ишендирди

15 ноября 2019 01:29 1989 Barometr
Поделиться в:
ok


"Республика – Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Өкмөттүн ишине оң баасын берип, 2020-жылга карата бюджеттин планын амбициялык деп сыпаттады.

Бул тууралуу депутат кечээ Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2020-жылга карата бюджетин талкуу учурунда айтты. Келерки жылдын бюджетин сунуштоодо ири көлөмдөгү инвестиция тартуу боюнча максаттарга депутат басым жасады.

«Негизи Өкмөттүн ишинде өсүш бар. Муну ачык айтып коюуу керек. Мухаммедкалый Дүшөкеевич, амбициялык план менен келе жатасыз. 250 млрд сом инвестиция тартам деген максатты коюп жатасыз. Муну биз күтөбүз, эл да күтөт. Эгер ушул пландарды толук аткарсаңыз анда сиз келерки жылы Парламенттик шайлоого кайсыл партия менен бара турган болсоңуз да, сөзсүз жеңишке жетесиз», - деди депутат Таабалды Тиллаев.

Ссылка: https://barometr.kg/video-deputat-tillaev-kmt-bashchy-abylgazievdi-2020-zhyldagy-parlamenttik-shajloodo-zheishke-zhetesiz-dep-ishendirdi



Добавить комментарий