ЖРТнын босого баллы төмөндөшү ыктымал

13 мая 2020 14:06 2084 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча алыскы аймактардан көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Ата-энелер контракт төлөп окуу үчүн босого баллды 110дон дагы төмөндөтүү керектигин айтып жатканын депутат Таабалды Тиллаев жалпы жыйында көтөрдү.

Өз кезегинде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков азыр алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын экенин билдирди.

“ЖРТны 20-июнда өткөрөбүз, балдардын жетишилген ийгилиги кандай болгонун карап туруп ошого жараша чечим кабыл алабыз. Азыр ЖРТнын жыйынтыгын карабай туруп, алдын ала бир нерсе кылсак туура эмес болуп калат”, — деди министр.

Ал эми депутат бюджетте окугандар үчүн босого баллы 110 бойдон калса болорун, бирок контракт төлөп окуйм деп жаткандарга дагы мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

“Бюджетти калтырсаңар дагы контракт менен окуйм дегендерге босого баллды төмөндөтүп мүмкүнчүлүк берүү керек. Азыр абалды көрүп турасыздар да эч ким мектепке барган жок. Стресс абал болуп жатат. Жарандарга окуганга мүмкүнчүлүк бериш керек”, — деди Тиллаев.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrtnyn-bosogo-bally-tmndsh-yktymal



Добавить комментарий