Депутат: АКШнын КР жарандарына виза берүүдөгү чектөөсү өлкөнүн аброюна болгон сокку
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев АКШ виза берүүдө Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизди деп бир нече ЖМКлар жазып чыкканын айтып, бул жерде сөз Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги аброю тууралуу болуп жатанын белгиледи.
Эл өкүлү андан сырткары өкмөт маалымат майданында чабал болуп жатканын эскертти.
"Өкмөт маалымат майданында бардык позиция боюнча утулуп калып жатасыздар. Бул деле биздин мамлекеттин эл аралык деңгээлдеги аброю да. Маалымат майданында өзүңүздөрдүн чабалдыгыңыздарды көрсөтүп жатасыздар. Сөзсүз түрдө бул жерде (виза боюнча – авт.) тышкы иштер министрлиги, өкмөт элге өзүңүздөрдүн позицияңыздарды элге жеткирип коюшуңуздар керек. Себеби бул биздин мамлекеттин эл аралык аренадагы аброю да", — деди ал.
Эске салсак, The Wall Street Journal басылмасы АКШ Африкадагы бир катар мамлекеттерге жана Орто Азиядагы айрым мамлекеттердин жарандарына виза берүүдө чектөөлөрдү киргизе турганын жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-akshnyn-kr-zharandaryna-viza-berdg-chekts-lknn-abroyuna-bolgon-sokku
Добавить комментарий ×