Бишкектин 60 пайыздан ашык мугалимдери эмдөөдөн өткөрүлдү
Бишкек шаарынын мектептеринде эмгектенген 60 пайыздан ашык мугалимдер эмделди. Бул тууралуу бүгүн,15-сентябрда болгон брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн адиси Чынара Исакова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Баардыгы болуп мектептерде 7 миңден ашык мугалим эмгектенип жатат.
“Мектептер жаңы окуу жылына даяр. Мэриянын комиссиясы текшерип чыкты, баардык мектептерде медициналдык пункттар ачылды, дарыгерлер, медайымдар иштеп жатат”,-деп айтты адис.
Исакова кире беришке фильтирлер орнотулганын, окуучулар кирип жатканда температура текшерилерин, көрсөткүчтөр журналга жазыларын кошумчалады. Бет кап режими сакталат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-60-pajyzdan-ashyk-mugalimderi-emddn-tkrld
Добавить комментарий ×