Бишкектин 77 миң окуучу окуй турган мектептеринде 170 миң бала окуп жатат

15 сентября 2021 12:17 6152 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин долбоордук кубаттуулугу 77 миң окуучуга ылайыктап курулган мектептеринде 170 миң окуучу окуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда болгон брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн адиси Чынара Исакова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, шаардын билим берүү башкармалыгына 97 мектеп караштуу.

“55 объектиде шаардык бюджеттин эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлдү. Окуучулардын ордун кеңейтиш үчүн 7 мектепте кошумча курулуштар курулду”,-деп айтты адис.

Эскерте кетсек, бүгүн 15-сентябрда окуу процесстери салттуу режимде башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-77-mi-okuuchu-okuj-turgan-mektepterinde-170-mi-bala-okup-zhatat



Добавить комментарий