Бишкекте коменданттык саат режимин бузгандардын арасында үч өспүрүм дагы бар

31 марта 2020 09:14 1037 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өткөн суткада коменданттык саат режимин 137 киши бузганын маалымат жыйында билдирди.

“Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалды”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коменданттык саат 25-марттан тарта киргизилген. Бул аракеттердин бардыгы коронавирустун алдын алуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө максатында жасалууда.

Эске салсак, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 94 кишиден коронавирус табылган. Вирус бир гана Талас облусу менен Ысык-Көл облусунан табылган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-komendanttyk-saat-rezhimin-buzgandardyn-arasynda-ch-sprm-dagy-bary



Добавить комментарий