


Шайлоо өткөнгө чейин мэр жана министрлер кызматтан алынбайт
Президенттин пресс-катчысы Аскат Алагөзөв Бишкек шаарынын мэри тууралуу маалыматты таратты.
"Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатат.
Бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирем.
Ошону менен бирге коомчулукка да кайрылгым келет.
Ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн.
Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган", - деп жазды Алагөзөв.
Ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам.
Ссылка: https://barometr.kg/shajloo-tkng-chejin-mer-zhana-ministrler-kyzmattan-alynbajt
Добавить комментарий ×