Бишкек ЖЭБи кышка даярдыктарды белгиленген убакытта аякташы керек
Бишкек Жылуулук электр борбору кышка карата оңдоо жумуштарын белгиленген мөөнөтүндө аякташы керек. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Бишкек ТЭЦинин күз-кышка карата даярдыктары менен таанышкандан кийин койду.
Биринчи вице-премьер-министр химиялык цехти, турбиналык цехтерди жана буу казандар цехин оңдоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты.
Жылуулук берүү маалында Бишкек ЖЭБнин ишин жеңилдете турган химиялык цехтин курулушу 1-октябрда бүткөн. Ошону менен бирге Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБнин кызматкерлеринин аварияга каршы машыгууларына да катышты. Абанын температурасы кескин төмөндөп кеткен авариялык катаал шартта жамаат кандай ыкчам аракет көрүшү керектиги иштелип чыккан.
Боронов мындай машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жагын белгиледи. Биринчи вице-премьер-министр быйыл жыл башында катталгандай авариялык жагдайга мындан ары жол бербей, жарандарды жылуулук менен камсыздоо үчүн бардык чараларды кабыл алышыбыз зарыл - деди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhebi-kyshka-dayardyktardy-belgilengen-ubakytta-ayaktashy-kerek
Добавить комментарий ×