Билим берүү министрлиги: Жоолукчан окуучулар эч тоскоолдуксуз окуй алат

18 октября 2021 16:43 3064 Barometr
Поделиться в:
ok

Жоолук салынган окуучу кыздар мектептерде эч кандай тоскоолдугу жок окуй алышат. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, Конституцияда бул боюнча чектөө жок.

“Жоолукчан жана жоолук салынбаган мектеп окуучулары бирге отуруп окуп жатышат. Жоолук салынган мугаимдер дагы тынч гана сабак берип жатышат”,-деп айтты Джусупбекова.

Депутат Айбек Осмонов Билим берүү министрлигинин орун басарынан бул маселенин чечилишине көңүл бурууну, анткени көптөгөн мектеп директорлору, мугалимдер хиджаб кийген окуучу кыздарды сабакка киргизбей жатканы тууралуу эскертти.

“Мындай мугалимдер менен директорлорго чара колдонуу зарыл”,-деп айтты депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-zhoolukchan-okuuchular-ech-toskoolduksuz-okuj-alat



Добавить комментарий