Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салды

23 июня 2020 18:18 1815 Barometr
Поделиться в:
ok

Пандемия учурунда киргизилген эрежелерди сактабаганы үчүн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты «Барометрге» өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору бет кабы жок, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө 140 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын Бороновко өткөрүп берүүдө түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда нааразычылык жаратып келген. Анда коюлган аралык да сакталбай, бет кап да тагынбаган 100дөй эл өкүлдөрүн көрүүгө болот. Ага карата президент аларды айып пул салынышы керектигин айткан.

Жалпы жонунан 28 киши Эреже бузуулар кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмү боюнча 5 миң сомдон айып пулга жыгылган. Алардын арасында өкмөт башчы Кубатбек Боронов, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьерлер Аида Исмаилова, Акрам Мадумаров, Эркин Асрандиев жана бөлүм жетекчилери бар.




Ссылка: https://barometr.kg/betkasyz-srtk-tshkn-kmt-mchlrn-140-mi-som-lchmnd-ajyp-pul-saldy



Добавить комментарий