Бек Борбиев кайрадан Илим Карыпбековдун "гейлер" тууралуу айтканын сынга алды

15 марта 2019 15:44 3817 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бек Борбиев ырчылык менен гана тим болбостон акыркы учурларда интернет баракчасы аркылуу саясий маселелер жана актуалдуу делген маселелерге өз пикирин билдирип келет. Бул жолу Бек Борбиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына 8-март күнү борбор калаада болуп өткөн "Гей-парад" тууралуу КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун жазган постун талкууга алды.

Бул ирет ал өз пикирин билдирүүнүн ордуна Карыпбековдун постун алып чыгарды, анда:

“Гомосекс, гомосексюрити дейби?” деп жазып, “Манас атанын армиясында гейлер болгон эмес деп ким кепилдик бере алат”- Илим Карыпбеков” деп жазды. Посттун алдына Илим мырзанын сүрөтүн жүктөгөн.

Аны окуган көпчүлүк өлкөдө болуп жаткан абалга кейип турганын билдиришүүдө. Ал эми айрымдар Карыпбекову катуу сынга алышууда.

Эске салсак, Бек Борбиев менен Илим Карыпбеков интернет аркылуу бир нече ирет кайым айтышууларга барышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-kajradan-ilim-karypbekovdun-gejler-tuuraluu-ajtkanyn-synga-aldy



Добавить комментарий