ӨКМ министринин орун басарынын атынан фейк акаунт ачылып, чоңдорду шылдыңдаган сүрөттөр таркап жатат

16 января 2023 14:43 656 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернетте Faceboook социалдык тармагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биринчи орун басарынын атынан фейк акаунт ачылып, кызмат адамдарын шылдыңдаган сүрөттөр тарап жатат.
Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун атынан фейк акаунту ачылганын мекеме билдирди.

Белгилей кетсек, аталган баракча кызмат адамдарын ашкере шылдыңдаган карикатура сүрөттөрдү жарыялап жатат.
“Бир нече күндөн бери акаунттан коомчулуктун башын айландырган карикатура сүрөттөр жарыяланып жатат.

Аталган акаунттун атынан каралаган, жалган маалыматтар жана карикатура сүрөттөр жарыяланса кабыл албоону өтүнөбүз. Учурда фейк акаунт боюнча тиешелүү органдар иш алып барууда”, -деди мекемеден. 

Ссылка: https://barometr.kg/km-ministrinin-birinchi-orun-basarynyn-atynan-fejk-akaunt-achylyp-kyzmat-adamdaryn-shyldydagan-srttr-tarkap-zhatat



Добавить комментарий