Бек Борбиев: Казинолор иштеп баштаса мамлекеттибизге пайдасы зор экени талашсыз

22 апреля 2021 14:37 8497 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев казинолор кайрадан Кыргызстанда ачыла турган болсо, өлкөгө чоң пайда алып келерин айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчынын айтымында, казино оюнуна кызыккан акчасы бар кыргыз жарандары Алматыга барып өйноп келип жүрүшөт. 

“Биздин жарандар ал жерге кирип ойной албаган соң, бизге эч кандай зыяны жок деп эсептейм. Ал эми, мамлекеттибизге пайдасы зор экени талашсыз. Чынын айтсак, казино оюнуна кызыккан биздин акчасы бар жарандар Алматынын жанындагы Капчагайга барып кумарын кандырып келип жүрүшөт. Ал эми, акчасы андан да көптөр Макао, Америкага чейин учуп барып ойноп жүрүшөт, аны деле билебиз. Жана дагы деле бара беришээри айдан ачык. Бийликтин бул чечиминен мен зыяндуу эч нерсе көргөн жокмун.

Ал эми, бул жоругуңар арам деп кыйкырып аткандарга айтарым сойкулукту жоюп албайлыбы?  Ушул жөнүндө да бир кыйкырып койбойсуздарбы? Сойкулардын көптүгүнөн алар сыртка чыгып, Турция, Россия, өзгөчө, Москванын сойку базарларын басып алган деген маалыматтар жүрөт. Изилдегич журналисттер ушул көйгөйдү изилдеп элге ачыктаса болот эле?

Ал эми, уу коргошун боюнча менин жеке пикирим. Мен эки жумадай ичкем ал дарыны, билем. Врачтын өтө дыкат көзөмөлү жок, соо киши да аркы дүйнөгө узап кете бериши турган иш, абдан кооптуу.

Макул, өзү айткандай коопсуз болсо дагы, тиешелүү медициналык уюмдар тарабынан тастыкталбаган дарыны элине сунуштоосу бул кечирилгис кылмыш.  Андан беркиси, уят болдук, дүйнөлүк аренада.

Өзгөчө, жаңы келген бийликти жер каратты, кайдагы, көчөдө жүргөн чала табыпты өкмөт мүчөсү кылып алышыптыр деп башка өлкөлөр айтты да.

Министр отставкага элден кечирим сурап кетүүсү керек. Эгерде ал сунуштаган уу коргошун адамдардын өлүмүнө алып келе турган болсо, сот алдында жооп берүүсүн күтөбүз.

Баса, Өзгөндү кайсыл облус экенин билбеген өкмөт мүчөсүн эмне кармап олтурасыңар? Демек, кадр саясатыңар чын эле мышык ыйлай турган абалда экен”, - деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, кече, 21-апрелде Жогорку Кеңеште казинолорду кайра ачуу боюнча кезектеги мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Казинолорду кайра ачуу тууралуу мыйзам долбоорго жалпысынан 68 депутат "макул" болсо, 23 эл өкүлү "каршы" деп добуш берген. Белгилей кетсек, мыйзамда Кыргыз жарандарынын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылган. Ошондо, Ысык-Көлдүн аймагында ачылган казинолор чет элдин жарандары үчүн гана эшигин ачары маалым болду. Бирок, бул мыйзам долбоор коомчулуктун нааразы пикрин жаратып, кызуу талкууга алынган.
Президент Садыр Жапаров да Жогорку Кеңеш тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагына казинолорду ачуу тууралуу мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу өзүнүн пикирин билдирген.
«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат», — деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/kchd-zhrgn-chala-tabypty-ministr-kylyp-algan-go-deshti-bek-borbiev-salamattyk-saktoo-ministrin-syndady



Добавить комментарий