Зилалиевдин банктык эсебиндеги 889 миң 900 АКШ доллары алынды
Бөлүшүү:
Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин борбордогу коммерциялык банктардын биринин коопсуздук уячасында сакталган мыйзамсыз акчалары ачылды. Ал акчалар 2018-жылдын сентябрь айына чейин банкта сактаган.
Коопсуздук уячасынан тийиштүү кызматкерлер 9 "баштык" акча алышкан. Аны атайын акча саноочу аппарат менен санаганда жалпысынан 889 миң 900 АКШ доллары бар экендиги аныкталган.
Акчалар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Ал эми Зилалиев болсо Кыргызстандын чек арасынан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/bank-uyachasynan-zilalievdin-9-bashtyk-akchasy-alyndy
Добавить комментарий ×