Шаардык сот Дүйшөнбек Зилалиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды
Жакында Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди ушул жылдын 9-декабрына чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу маалымдады.
Жактоочусунун айтымында, Дүйшөнбек Зилалиевге карата бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Шаардык сот арызды канааттандырган жок.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Ал эми өткөн айда тоо-кен тармагындагы лицензия берүү маселеси боюнча Зилалиевге карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектелүүдѳ.
Бирок мурдагы вице-премьер-министр өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-sot-djshnbek-zilalievdin-doo-aryzyn-kanaattandyrgan-zhok
Добавить комментарий ×