Бишкекте Зилалиевдин соту 8-июлга жылдырылды
Поделиться в:
Биринчи май райондук сотунда Д.Т.Зилалиевге карата кылмыш иши каралып, айыпталуучу келбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Зилалиевге карата кылмыш иши каралууда. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси (мыйзамсыз баюу) боюнча айыпталууда.
Айыпталуучу соттук отурумга алынып келинбегенине байланыштуу, соттук териштирүү 8-июль саат 14:30га жылдырды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dtzilalievge-karata-kylmysh-ishin-karoosu-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×