Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев абактан чыкты

7 октября 2020 14:42 738 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи май райондук соттун чечими менен 5-октябрда тогуз жылга эркинен ажыратылган Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагынан чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК Зилалиев үй камагында болорун айтты.

"Биринчи май райондук сотунун чечими менен аны баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү", — деп билдирди УКМК.

Белгилей кетсек, Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. Башкы прокуратура Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген айып койгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/murunku-vice-premer-djshnbek-zilaliev-abaktan-chykty



Добавить комментарий