Балбан кыз Мээрим Жуманазарова операциядан сакайып, машыгууну баштады
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова колуна жасалган операциядан сакайып, машыгууга киришти. Учурда ал тартынуу, көнүгүү жасоо сыяктуу жеңил машыгууларды өтүп жатат.
Бул тууралуу өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди.
“Мээрим быйыл эле Эстониянын Таллин шаарында өткөн жаштар арасында Дүйнө биринчилигинде күрөшүп, күмүш байге уткан. Мелдеште сол ийинин оорутуп алган болчу. Ошол колуна операция жасалган. Учурда тартынуу, тарамыштарды чоюу сыяктуу көнүгүүлөрдү жасап, калыбына келүү процессинде... Кыргызстандын кыздар курамасы учурда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу өткөрүп жатат. Мээрим учурда өз алдынча программанын негизинде машыгып жатат ”, - деди Байгазы Кенжебаев.
68 кило салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова быйыл июль айында Таиландда өткөн Азия чемпионатынан алтын байге уткан. Ал эми август айында Эстонияда болгон дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган.
Жаракатынан улам Мээрим Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн олимпиадалык лицензия ойнотулган дүйнө чемпионатына катыша албай калды.
Ссылка: https://barometr.kg/balban-kyz-meerim-zhumanazarova-operaciyadan-sakajyp-mashyguunu-bashtady
Добавить комментарий ×