Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына Ысык-Көлдө даярданып жатат
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемионатына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Тыныбекова менен бирге күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы машыгуу өткөрүп жатышат.
Балбан кыздар дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Ал 22-июнь күнү башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
— 62 кг — Айсулуу Тыныбекова;
— 76 кг — Айпери Медет кызы;
— 68 кг — Мээрим Жуманазарова;
— 65 кг — Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы;
— 72 кг — Нурзат Нуртаева, Кайыргүл Шаршебаева;
— 57 кг — Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кабылбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова;
— 69 кг — Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова;
— 55 кг — Арууке Кайыкбекова, Албина Салымбекова;
— 59 кг — Аяна Асаналиева:
— 48 кг — Азема Калидинова;
— 50 кг — Асема Төрөгелдиева;
— 53 кг — Айжаркын Жаныбекова;
— Рысбек Максүтов, спаринг-партнер;
— Икром Максат уулу, спаринг партнер;
— Байгазы Кенжебаев, улук машыктыруучу;
— Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djn-chempionatyna-ysyk-kld-mashygyp-zhatat
Добавить комментарий ×