Күрөш. Мээрим Жуманазарова жаштардын Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

16 августа 2019 11:10 2462 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Дүйнө чемпионатында экинчи ороунду ээлеп, күмүш медал тагынды.

Финалдык беттеште ал япон кызы Наруха Мацуюки менен алтын байге үчүн кармашып, жеңилип калды.

Эстониянын баш калаасы Таллинде өтүп жаткан өтүп жаткан жаштар арасында Дүйнө биринчилигин Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org расмий сайты түз көрсөттү.

68 кило салмакта күрөшкөн Мээрим жарым финалда Америкалык Жейден Лэйт Лаурент’ти утуп, финалга чыккан болчу.

Мээрим Жуманазарова бул мелдештин квалификациялык этабында украиналык Кристина Малявканы, 1/8 финалда орусиялык Ханум Валиеваны, ал эми чейрек финалда канадалык Берит Джонсон’ту уткан эле.

Эске сала кетсек, Мээрим Жуманазаров жакында эле Таиланддын Чонбури шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/krsh-meerim-zhumanazarova-zhashtardyn-djn-chempionatynda-kmsh-medal-uttu



Добавить комментарий