Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова дүйнө биринчилигинде күрөшпөйт
Кыргызстандын балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатына барбайт. Ал Казакстандын баш калаасы Астанада өтүүчү спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына баруучу балбан кыздардын тизмеге киргизилген жок.
Бул тууралуу өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, Мээрим жаракатына байланыштуу бул мелдешке катыша албайт.
“Мээрим өткөн айда эле Эстониянын баш калаасы Таллинде өткөн жаштар арасында Дүйнө биринчилигинде күрөшүп, күмүш байге уткан. Мелдеште колун оорутуп алган болчу. Биз анын жаракатын толук айыксын деп быйылды дүйнө чемпионатына катыштырган жокпуз”, - деди ал.
68 кило салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова быйыл июль айында Таиландда өткөн Азия чемпионатынан алтын байге уткан. Ал эми август айында Эстонияда болгон дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган.
Ссылка: https://barometr.kg/aziya-chempionu-meerim-zhumanazarova-djn-birinchiliginde-krshpjt
Добавить комментарий ×