"Бакубат Талас" элдин бакубатчылыгына көңүл бөлөт. Фонд кайсы иштерди каржылады?
Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан негизделген "Бакубат Талас" фонду облустагы бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга каржылык жактан жардам берип келет.
Учурда облус аймагында бир нече долбоорлор иштеп, калкка кызматын сунуштап жатат.
Ишкер Рустам Иманалиев "Бакубат Талас" фондусу тарабынан берилген жеңилдетилген насыя алган. Ага Талас шаарына "Алымбек Ата" деген аквапарк салган. Учурда аталган коомдук жайдын курулушу аяктап, элге кызмат көрсөтүүдө. Ишкер фонддон 2 миллион сом алган.
"Биздин комплекс жайында иштейт. Азыр кыш болгондуктан иштебейт, бирок жазгыга кам көрүп жатабыз. "Бакубат Талас" фондусунун берген насыялары пайыздык коюму аз болгону жана көп убакытка берилгени менен ыңгайлуу. Буюрса алдыда дагы көптөгөн иш-пландар бар", — дейт ишкер.
Иманалиев салган аквапарк 20га жакын кишини иш менен камсыздаган. Бул өз кезегинде айыл жергесиндеги жумушсуздукту азайтууга жана жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө берет.
Талас районундагы Талды-Булак айылынын тургуну Кымбат Байматова айылдагы тиричилик комбинатынын имаратына экинчи дем берди. Себеби учурунда иштебей турган имарат учурда жүн иштетип, кийиз жасоочу чакан цехке айланды. Андан сырткары түрдүү курактар дагы тигилет.
Байматова айылда жер-жемиш өспөй турганын айтат. Андыктан аялдардын көбү кол өнөрчүлүк менен алектенет.
"Аялдар балдарын багыш үчүн курак курашат", — дейт ал.
Ишкер айым былтыр "Бакубат Талас" фондусунан гранттык түрдө 780 миң сом алып, цехке 15 жаңы тигүүчү машина алган. Ошондой эле кийиз жасай турган аппарат дагы алынган.
Чакан цехте керек болсо боз үйдүн дагы кийиздери даярдалып, тигилет.
"Бакубат Талас" фонду андан сырткары Талас шаарындагы "Эконом" азык-түлүк супермаркеттеринин тутумун ачууга 3,5 миллион сом бөлгөн.
Фонду айыл жеринде керек болгон продукцияларды чыгарууга багытталган долбоорлорду дагы колдоп келет. Атап айтканда Талас районунун Калба айыоында курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүштүн ачылышына жеңилдетилген насыя берген. Учурда чакан цех, щебень, бетон сыяктуу бир катар курулуш материалдарын чыгарат. Бул жерде онго жакын киши жумуш менен камсыз болгон.
Аталган фондунун жардамы менен Талас шаарындагы "Датка" комплекси (2,2 миллион сом), Манас районунун Покровка айылында 1,3 миллион сомго мончо комплекси жана Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында кызмат көрсөтүүчү жай курулган.
Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-eldin-bakubatchylygyna-kl-blt-fond-kajsy-ishterdi-karzhylady
Добавить комментарий ×