Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчилик ишине баштады - сүрөт

9 март 2020 12:33 815 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-мартта Куала-Лумпур шаарында Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаменттин директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аземдин жүрүшүндө Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдуллага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгын билдирди.

Эске салсак, Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин профилдик комитети жактырып, 26-январда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Ал эми Бекназаров Малайзияга февраль айынын ортосунда учуп кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarov-malajziyadagy-elchilik-ishine-bashtady-srt



Добавить комментарий