Азимбек Бекназаров элчилик кызматын өтөө үчүн Малайзияга кетти - сүрөт

14 февраля 2020 16:05 1051 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Азизбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти. Бул тууралуу уулу Руслан Бекназаров билдирди.

"Малайзияга узаттым. Таманыңарда бейишим. Жаратканга миң шүгүр, силерге уул болууну насип кылган. Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун", - деп жазды ал.

Эске салсак, Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин профилдик комитети жактырып, 26-январда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarov-malajziyaga-ketti-srt



Добавить комментарий