Анжелика күйөрмандарына: Гүл жиберип убара болбоңуздар. Бизге азыр сиздердин дуаңыздар гана керек

29 января 2021 15:36 2559 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова ооруканада дарыланып жатып, ар бир мөөнөттүн баалуулугун билип жашаш керек экенин айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Уйкунун таттуусун билбей, тамактын даамын сезбей, күндүн ирээтин унутуп калдым. Ар бир мөөнөт өтө маанилүү жана баалуу өтүп жатат. Жума күнгө койгон ниеттерибиз кабыл болсун.

Анан да кошумчалай кетчү жагдай, урматтуу менин досторум, күйөрмандарым бизге азыр сиздердин дуаңыздар гана керек. Ал эми гүл берип жиберип убара болбоңуздар. Гүлдөрдү ансыз да дарыгерлерге таратып жатам. Сиздерден келген ар бир катты, каалоо-тилектерди окуп жатам”, – деп жазды ырчы кыз.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анжеликага жана кызы Айлинге Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, алдыда операция жасалары күтүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kjrmandaryna-gl-zhiberip-ubara-bolbouzdar-bizge-azyr-sizderdin-duayzdar-gana-kerek



Добавить комментарий