Анталияда кыргыз жараны оор абалда ооруканада жатат. ТИМ буга эмне дейт?

17 апреля 2019 16:29 1982 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Жылдыз Осмонова аттуу фейсбук колдонуучусу кыргыз жараны Анталияда бейтапканалардын биринде оор абалда жаткандыгы тууралуу билдирди. Анын айтымында кыргыз жаранынын абалы оор болгондуктан эртерээк мекенине кайтаруу керек.

Жылдыз Осмонова:

“2 күндөн бери WhatsAppтан бир эже Анталиянын клиникасында жаткан Айнура эже тууралуу жазып жатат. Туугандары дайынсыз экен. Түркияда иштеп жүрүп, боордун цирроз оорусуна кабылып, чыдабай калганда келиптир клиникага. Ошол жердеги кыргыздар колунан келген жардамын берип жатышат. Чачылып ар кайсы өлкөдө жүрөбүз, мындай дарт качан кантип жабышып калаарын эч ким билбейт экен. Операция жасалып, күнүнө дарыларына 551 лирадан кетип жатат экен. Маселе - Айнура эжени Кыргызстанга жөнөтүү. Айнура эжени тааныгандар барбы?

Азыр Antalya Bölge Hastanesi Акдениз клиникасында, блок 2а да жатат. Айнура эженин маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү керек го, эгерде эс-тутумун да жоготуп койсо. Кайрылып жазган эженин WhatsApp номери: +996 557 425 576”, -деген билдирүү менен бөлүштү.

Көпчүлүк бул кабарды уккандан кийин мекендешибиздин ден-соолугуна санааркап тышкы иштер министирлиги жардам бериши керек деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бул тууралуу маалыматты тактоо үчүн Barometr.kg сайты ТИМ менен байланышка чыкты.

Тышкы иштер министирлигинин маалымат кызматы:

“Бизге азырынча бул тууралуу маалымат түшө элек. Эгерде ал жаран Анталияда болсо, анда биз Стамбулдагы кызматкерлерге тактоо үчүн тапшырма беребиз. Толук маалыматты эртең гана бере алабыз”, -деген жообун берди.

Ссылка: https://barometr.kg/antaliyada-kyrgyz-zharany-oor-abalda-ooruukanada-zhatat-tim-buga-emne-dejt



Добавить комментарий