Англис тилин үйрөнүүгө арналган тасмалар

13 февраля 2019 08:27 1444 Barometr
Поделиться в:
ok

Чет тилин үйрөнөм деген адамга мүмкүнчүлүк көп. Милдеттүү түрдө курска барып, убакыт менен акчага чыгым келтирбей, чындап аракет кылсак өз алдыбызча үйрөнсөк болот. Сайтыбыздан англис тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу фильмдерди биле жүрүңуз.

Темир аял  (The Iron Lady)
Өз тарыхты билген жакшы, ал эми башка элдин тарыхын, тилин билген андан да жакшы. Ошондуктан Маргарет Тэтчердин жашоосу тууралуу тартылган тасма сизди тажатып жибербейт. Улуу Британиялык акцент менен сүйлөп, академиялык англис тилин үйрөнүүгө ушул фильм жардамчы болмокчу.

Шрек (Shrek)


Көңүлдүү фильм англис тилин үйрөнгүсү келген чоңдор менен балдарга да жардам бермекчи. Каармандардын сүйлөшүү манерасы анык, кыска-кыска, так сөздөр менен сүйлөшөт. Тамаша сөздөр менен мукамдуу обон сизге жагымдуу маанай тартуулайт.

Сулуу менен желмогуз (Beauty and the Beast)


Бала кезден сүйүп көргөн мультфильмибиз англис тилин үйрөнүүнү эми колго алгандарга эң мыкты тандоо болот. Фильмдин каармандары так жана түшүнүктүү сүйлөшөт. Кыйын сөздөрдү колдонбой, так сүйлөгөндүктөн, тилди үйрөнүү орточодон төмөн деңгээлдеги адамдарга да түшүнүү кыйынчылык жаратпайт.

Көлдөгү үй (The Lake House)

Романтикалык сөздөргө машыгып, англисче жазууну жакшыртууну каалагандар үчүн фильм. Эки каарман, эки мезгил жана бир почто кутучасы. Киана Ривз менен Сандра Баллок англис тилинде катты сабаттуу жазууну үйрөтүшмөкчү.

Ссылка: https://barometr.kg/anglis-tilin-jrng-aralgan-filmder



Добавить комментарий