Хакерлер Жогорку Кеңештин сайтына чабуул коюшту

19 октября 2020 16:48 712 Barometr
Поделиться в:
ok

Хакерлер Жогорку Кеңештин kenesh.kg расмий сайтына чабуул коюшкан.

Жогорку Кеңештин сайты иштеп жатат, бирок порталда кара каракчылардын желеги турат. Сайттын башкы бетинде “"бул сайт The Black Pirate тобунун көзөмөлүндө" деген жазуу чыгып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин баш аламандык жана Ак үйдү басып алуу учурунда сайттын сервери бузулган.

Бирок, андан кийин сервер мүмкүн болушунча эртерээк калыбына келтирилген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы хакерлер Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин компьютерлерине сакталып калган пароль аркылуу сайтты башкарып жаткандыгын айтты.

"Бул компьютерлер 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандык учурунда уурдалган", - деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-bir-neche-ministrlikterdin-sajttaryna-hakerler-chabuul-zhasashty



Добавить комментарий