Кыргызстандын «Сальвадор Дали» тасмасы Кореяда көрсөтүлөт
Поделиться в:
Кыргызстандын «Сальвадор Дали» деп аталган тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында боло турган 26-эл аралык кинофестивалдын конкурсттук программасына киргизилди. Бул тууралуу «Айтыш Фильм» киностудиясынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Тасманын режиссеру Эльдияр Мадаким. Фильмди тартуу иштери кышында режиссердун кичи мекени болгон Алай районунда болгон.
Кинокартина тоода жашаган чоң энесинин колунда чоңойгон режиссердун бала кезиндеги тарыхты баяндайт.Орозбек деген бала мектепке жетиш үчүн күн сайын суудагы көпүрөдөн өтүп, көп жол басып, өзүнүн кыялына жетишке аракет кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-salvador-dali-tasmasy-koreyada-krstlt
Добавить комментарий ×