Соцтармакта блоктолгон Трамп, сайт ачты

12 мая 2021 10:45 1659 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын бир жума мурун ачылган сайтына 212 миңге жакын адам реакция кылды. Ага колдонуучулардын лайк белгиси менен жазган комментарийлери кирет. Бул тууралуу "BuzzSumo" аналитикалык компаниясыныннын сайтына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

“Мурдагы президенттин жаңы баракчасы "Дональд Трамптын столунан" деп аталат. Сайт саясатчы менен элдин түз баарлашуусуна жардам берет. Баракчага Трамптын акыркы билдирүүлөрү жарыяланып турат. Аны колдонуучулар соцтармактардагы өз баракчаларына бөлүшө алышат”, - деп айтылат маалыматта.

"BuzzSumo" аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, Трамптын Твиттердеги баракчасы блокко алына электе анын билдирүүлөрү жүз миңге жакын бөлүшүлүп турган.

Эске салсак, Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Дональд Трамптын аккаунттарын блоктогон. Бул кадамга анын үстүбүздөгү жылдын 6-январындагы Вашингтондо өткөн баш аламандык тууралуу жазган билдирүүсү негиз болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-donald-tramptyn-bir-zhuma-murun-achylgan-sajtyna-212-mige-zhakyn-adam-reakciya-kyldy



Добавить комментарий