Америкада коронавирустан коргой турган көп кабаттуу үй курулууда

20 августа 2021 12:53 1082 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын Майами шаарында 500 миллион долларга Legacy Tower деп аталган 55 кабаттуу имараттын курулушу башталды. Үйдү долбоорлоочулардын пикиринде бул объект пандемиянын шарттарында толук ыңгайлуу жана коопсуз жашоону камсыздай алат. Бул тууралуу GlobeNewswire булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Имараттын жер пайын түптөө иштерине шаардын мэри Фрэнсис Суарес катышты. Имаратта 310 жашоого ылайыкташкан резиденция, 210 мейманкана номери жайгашкан, ал эми он кабатына медициналык мекеме жайгашат.

Royal Palm Companies компаниясынын директору Дэниел Кодсинин айтымында, Legacy Tower медициналдык мекемеси дүйнөдөгү технологиялык жактан эң алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган мекеме болмокчу.

Баардык имаратка желдетүүчү системалар, сууну фильтирлөөчү, ультрафиолеттик нур чыгаруучу жабдуулар орнотулуп, байланышы жок үн менен гана башкарыла турган түзүмдөр ишке кирет. Эмеректер микробго, вируска каршы коргой ала турган материалдардан жасалат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/amerikada-koronavirustan-korgoj-turgan-kp-kabattuu-j-kuruluuda



Добавить комментарий