Илон Маск үй жумуштарына колдонууга боло турган Tesla Bot роботун тааныштырды

20 августа 2021 12:08 1545 Barometr
Поделиться в:
ok

Tesla Inc. компаниясы 2022-жылы жасала турган Tesla Bot робот-гуманоидинин моделин тааныштырды. Бул тууралуу Teslarati булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, компаниянын жасалма интеллектке арналган жаңы продуктуларын тааныштыруу Tesla Inc.тин  штаб-квартирасы жайгашкан Калифорниянын Пало-Альто шаарында болду.

Роботтун бою 172 см, салмагы 57 килограмм болот. Бетинин ордуна экран жайгашып, андан пайдалуу маалыматтар көрүнүп турмакчы.

Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск роботту ишкана иштеринен тышкары үй тиричилигине дагы колдонууга боло турганын айтты. Мисалы, ал дүкөнгө барып, ар кандай буюмдарды ташып келип жана башка күнүмдүк командаларды аткара алмакчы.


 

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-j-zhumushtaryna-koldonuuga-bolo-turgan-tesla-bot-robotun-taanyshtyrdy



Добавить комментарий