Жерүй кенин иштеткен компания келишимди толук аткарууда
Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча экинчи орунда турган Жерүй кени жарым кылымдан бери иштетилбей келген. Анын себеби, инвесторлор менен мамлекеттин ортосундагы келишимдин туруксуз жана ыңгайсыздыгы менен айрым саясий кийлигишүүлөр болгон. 2015-жылы кыргыз өкмөтү жаңы эл аралык стандарттагы келишимди иштеп чыгып тендер жарыялаган. Бир нече компаниянын ичинен Жерүйдү иштетүүгө лицензияны аукциондо “Восток-геолодобыча” – “Русская платина” туунду компаниясынын алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” ЖЧКсы утуп алган. Бул компания кубаттуу жана кенди иштетип кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон жана өкмөттүн шарттарын аткарууга макул болду.
Бүгүнкү күндө келишим толук кандуу аткарылууда. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков Жерүй кенин иштетип жаткан компанияга кандай талап, шарттар коюлса ал аткарылып жатат деп эсептейт.
"Бүгүнкү маселени туура кабыл алышыбыз керек. Бул компанияны күнөөлөгөнүбүз канчалык деңгээлде туура, же туура эмес? Себеби, ошол учурда өзүбүздүн өкмөтүбүз, бийлигибиз ошондой жобону, ошондой шартты түздү. Булардын алдына коюп берди да. Булар ошол шартты аткарды. Мүмкүн эгер ошол кезде Кыргызстандын пайыздык үлүшү мынча болушу керек десе, катышып жеңип алса бүгүнкү күндө ошол маселе туура болмок. Эгерде силер өтө оор шартты койдуңар деп катышпай койсо, мүмкүн бул кен иштебей тура бермек”, — дейт Камчыбеков.
Кыргызстан буга чейин бардык алтын кендерден үлүш аркылуу пайда көрүү жолун тандап, келишим түзүп келген. Бирок үлүш келишими Кумтөр баш болгон кендерди эске алганда мамлекетке пайдасы аз экени аныкталды. Мисалы, Макмал алтын кенинде мамлекеттин 30% үлүшү бар. Бирок, ар кандай чыгашалардан улам эмдигиче мамлекетке ал үлүштөн пайда түшө элек. Эгер тоо кен боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбековдун айтканына таянсак, кенди иштеткен компанияга пайда түшөбү, же жокбу дүң киреше (валовой доход) аркылуу келишимде көрсөтүлгөндөй казылган алтындын пайызы мамлекетке которулуп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kelishimdi-toluk-atkaruuda
Добавить комментарий ×