«Альянс Алтын» компаниясы Таласта карылардан бата алды

2 октября 2025 10:10 Barometr
Поделиться в:
ok

1-октябрь күнү Талас облусунда карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Кадырлуу курактагы ата, апаларды камкордукка алган иш-чара Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси жана Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү менен уюштурулду. 

Майрамдык салтанатка Талас облусундагы 200дөн ашуун карыялар чакырылып, сый тамак тартылып, облустук маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. 

Биргелешип уюштурулган салтанатта облус жетекчисинин орун басары Мира Сейдикеримова жана “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Болот Өмүралиев катышып Талас облусунун ар бир айылынан келген аксакал ата, апаларды куттуктап, таазим кылышты. Аксакалдар да мындай көңүл буруу болуп турганы үчүн компанияга ыраазычылыгын билдирип, баталарын беришти. 

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы облус бийлиги менен биргеликте Талас облусундагы улгайган курактагы тургундарга жылына жогорку деңгээлде салтанат уюштуруп, майрамдык маанай тартуулап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-talasta-karylardan-bata-aldy



Добавить комментарий