Сиздин кеңешке муктаж эмеспиз. УКМК Таалатбек Масадыковго жооп узатты
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковго жооп узатты.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Масадыков өзүнүн маегинде “УКМК- публикага, медиага чыга турган ведомство эмес” деп айткан эле.
Мындай пикирге УКМК кошулбайт жана ал масс-медиа менен иштөө бүгүнкү күндө бийлик органдарына, анын ичинде УКМКга абдан керек экенин, анткени бул коомчулукка маалымат берүүнүн кол жетимдүү ыкмасы экенин белгилейт.
“Таалатбек Масадыковдун буга окшогон кеңештерине муктаж эмеспиз. УКМК аткаруучу бийлик бутагынын маанилүү органы болуп саналат жана зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү тараптардын кеңештери менен сунуштарын ала алат”,-деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-keeshke-muktazh-emespiz-ukmk-taalatbek-masadykovgo-zhoop-uzatty
Добавить комментарий ×