Өгөй атасы зордуктаган кыз суицидке барбаш үчүн психологиялык жардам көрсөтүлөт

30 июня 2021 18:45 22751 Barometr
Поделиться в:
ok

КРнын Акыйкатчысына Талас районунуна караштуу Орто-Арык айылынын тургуну арыз менен кайрылды. Арыз Акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынганын жана кызга психологиялык көмөк берүү тапшырмасы берилгенин аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, Акыйкатчы аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнө Нуржигит аттуу жаран кайрылган. Ал Талас облусунун Талас районунда жашы жетелек кыз өгөй ата тарабынан зордукталганын, кыздын 5 айлык боюнда бар экени, бирок жергиликтүү милиция кызматкерлери учурда ал кишини таппай жатканын маалымдады.

Ошондой эле кыз менен эненин ортосунда мамиле бузулгандыктан, кыз суицидке барбаш үчүн ага психологиялык жардам керектигин айтты.

Акыйкатчы аппаратынын борбордук кеңсеси Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө Нуржигит айткан маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү, эгер маалымат чын болсо аны көзөмөлгө алуу тапшырмасы берди.

Талас облусунун өкүлү кыздын апасы менен байланышканда, маалымат чын болуп чыкты. Жыйынтыгында 2021-жылдын 29-июнунда КРнын Акыйкатчысына Талас районунуна караштуу Орто-Арык айылынын тургуну 1986-жылы туулган Р.Б. арыз жазды.

Ал арызында 1971-жылы туулган жолдошу Б. Б. менен 2014-жылдын 10-майында баш кошуп, ортодо эки балалуу болушканын айткан. Мурунку күйөөсүнөн үч баласы бар. Күйөөсү Б.Б. уруп-сабаганына карабай, «дагы бир күйөөдөн чыкты» аттуу болгусу келбей чыдап жашап жүргөн. 2017-жылы кичүү баласынын жүрөгү ооруп, тез арада Корея мамлекетинде операция жасатыш керек болуп, акчанын муктаждыгынан жашы жетпеген кичине балдары менен талаага чыгып иштеп да жүрөт.

2019-жылы «Кызыл Ай» коомунун жардамы менен баласынын жүрөгүнө операция жасатканы Корея өлкөсүнө кеткенде күйөөсү Б.Б. биринчи никесинен төрөлгөн ошол кезде 13 жаштагы кызын зордуктаган. «Бирөөгө айтсаң апаңды, эки бир тууганыңды өлтүрүп коем», – деп коркуткан. 3 жыл үйдө эч ким жок кезде пайдаланып, күч колдонуп зордуктап жүргөн. Азыр кызы 16 жашка чыккан. Боюнда бар экенин жаңы ич кийим сатып берип кийгизип жатып байкап калган. Түйүлдүккө 5 ай болуп калган. Болгон окуяны тактап сураганда кызы баарын ыйлап айтып берген.

“Аны уккан Р.Б. күйөөсүнө айтып чыр салса, ал качып кеткен. Өзүнө келип милицияга арыз жазганча 5-6 күн өтүп кеткен. Р.Б. арыз жазылгандан кийин милиция таппай атабыз”,-деп көңүл кош мамиле кылып жатканын, милиция Б.Б. таап кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Арыз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынды.

Талас облусунун өкүлчүлүгү тарабынан апасына керектүү юридикалык кеңештер берилди. Ал эми кызга психологиялык, моралдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жана жеке менчик психологиялык борборго каттар жиберилди. Ал эми Талас райондук тийиштүү укук коргоо органдарына тергөөнү дыкат жүргүзүү жана тергөөнүн жыйынтыктары менен тааныштыруу өтүнүчү менен кат жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/gj-atasy-zorduktagan-kyz-suicidke-barbash-chn-aga-psihologiyalyk-zhardam-krstlt



Добавить комментарий