Айсулуу Тыныбекованы “Манас” аэропортунан чоң салтанат менен тосуп алышты
Кыргыздын балбан кызы, Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга келди. Манас Эл аралык аэропорттон чемпионду Президенттин аппарататтын башчысы Досалы Эсеналиев менен вице-премьер министр Замирбек Аскаров жана күйөрмандар тосуп алышты.
Аэропорттун өзүндө эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен суроо-жооп уюштурулуп, журналисттрдин суроолоруна жооп берди. Айсулуу толкунданып турганын айтты. Дүйнө чемпионатына аттанаарда узатып чыккандар бүтүндөй Кыргызстан Кыргызстандын кыз-келиндер курамынан жеңиштерди күтөөрүн айтып, зор жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезгенин билдирди.
Айсулуу ошондой эле мамлекеттик жетекчилер, күйөрмандан шаан-шөкөт менен тосуп алганына ыраазычылык айтты.
Эске сала кетсек, Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду. 62 кило салмакта күрөшкөн Айсулуу финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин’ди таза артыкчылык менен утуп алды.
Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күрөштө эң чоң жетишкендик болду.
Азиянын үч жолку чемпиону, Айсулуу жарым финалда Түндүк Корейлик Чон Сим РИМ’ди 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда Айсулуу дүйнө чемпиону, украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды. Ал эми 8/1 финалда япониялык Юкако Каваины далысын килемге тийгизип, таза жеңди.
16/1 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы уткан болчу.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өттү. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.
Айсулуу Тыныбекованы куттуктайбыз!
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekovany-manas-aeroportunan-cho-saltanat-menen-tosup-alyshty
Добавить комментарий ×