Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда!

19 сентября 2019 16:47 3990 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз, Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты. Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу “Barometr.kg” сайтынын жеринде жүргөн кабарчысы билдирди.

Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу эми жарым финалда Түндүк Корейлик Чон Сим РИМ менен таймашат.

Эми жарым финалда Айсулууга ийгилик каалайбыз!

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыгуу менен Токио олимпиадасына лицензи берилүүчү орунду камсыз кыла алды.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionaty-ajsuluu-tynybekova-zharym-finalda



Добавить комментарий