Видео. Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

19 сентября 2019 18:20 6567 1 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык балбан кыз, Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты. Тарыхты кыргыздын кызы биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.

Азиянын үч жолку чемпиону, Айсулуу жарым финалда Түндүк Корейлик Чон Сим РИМ’ди 7:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Айсулуу жарым финалда тактикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү мыкты пайдаланды деп “Barometr.kg” сайтына комментарий айтты.

Айсулуу жарым финалдык беттешке чабуулга багытталган көрсөтмө мменен чыккан. Техникалык да тактикалык жактан да мыктылыгын көрсөттү. Жарым финалда дүйнө чемпионун уткан болчо. Ошондо көп күч сарптап чарчап калган болчу. Ага карабастан кайраттуулугун көрсөттү. Айсулуу АЗАМАТ!!, - деди Байгазы Кенжебаев.

Эми 2019-жылдын Дүйнө чемпионатынын финалында, алтын байге үчүн  Айсулуу Тыныбекова болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен күрөшөт.

Чейрек финалда Айсулуу дүйнө чемпиону, украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды. Ал эми 8/1 финалда япониялык Юкако Каваины далысын килемге тийгизип, таза жеңди.

16/1 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы утуп алган болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Финалдык беттеш эртең болот. Айсулууга финалда ийгилик каалайбыз!


Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-ajsuluu-tynybekova-djn-chempionatynyn-finalyna-chykty



Добавить комментарий

  • Молодец сестренка, успехов тебе а дальнейшем, продолжай а том же духе!😘😘😘