Айсулуу Тыныбекова мексикалык атаандашын оңой эле жеңип алды
Поделиться в:
Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта биринчи беттешин жеңди. Жеринде жүргөн “Barometr.kg” сайтынын кабарчысы билдиргендей, Айсулуу беттештин башталышында эле демилгени колго алып, биринчи бөлүктө 2 упай алды.
Экинчи бөлүктө да 6 упай алып, жалпы 8:0 эсебинде утуп алды.
Азиянын үч жолку чемпиону, 62 кило салмакта күч сынашып жаткан кызыбыз эми жарым чейрек финалда япониялык Юкако Каваи күрөшөт.
Айсулууга ийгилик каалайбыз!
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-meksikalyk-ataandashyn-ooj-ele-zheip-aldy
Добавить комментарий ×