Айсулуу Тыныбекова - дүйнө чемпиону!

20 сентября 2019 20:19 1600 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду.

62 кило салмакта күрөшкөн Айсулуу финалда Болгориялык Тайбе Мустафа Юсеин’ди таза артыкчылык менен утуп алды.

Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күрөштө эң чоң жетишкендик болду.

Азиянын үч жолку чемпиону, Айсулуу жарым финалда Түндүк Корейлик Чон Сим РИМ’ди 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Чейрек финалда Айсулуу дүйнө чемпиону, украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды. Ал эми 8/1 финалда япониялык Юкако Каваины далысын килемге тийгизип, таза жеңди.

16/1 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы уткан болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Айсулуу Тыныбекованы куттуктайбыз!

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djn-chempionu



Добавить комментарий